23-Февраль – Ата Мекенди коргоо күнү

23-Февраль – Ата Мекенди коргоо күнү
2025-жылдын 21-февралында 3-"А" классынын окуучулары мугалими менен бирге согушта курман болгон жоокерлерге арналган эстеликке барышты. Бул иш-чара мекенчилдикти даңазалоо, тарыхый эстеликтерди урматтоо жана окуучуларга Ата Мекенди коргоонун маанисин терең түшүндүрүү максатында уюштурулду.
Окуучулар эстеликке гүл коюп, согуш жылдары мекени үчүн жанын берген баатырлардын эрдиги тууралуу маалымат алышты. Бул маалыматтар окуучуларды терең ойлондуруп, алардын патриоттук сезимдерин ойготту.
Мектеп окуучулары мекенди коргоонун жана анын тынчтыгын сактоонун ар бир жарандын ыйык милдети экенин түшүнүштү. Бул иш-чара алардын жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүнү жана сыймыкты арттырды. Маалымат берген мугалими Эгизбаева Ү.К.
  • 1 Кароолор