Токтогул атындагы № 1 жалпы орто билим берүү мектебинин 10-“А” классына мектептин директору Тагаева Р.А. “Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ата- энелерге жана окуучуларга чогулуш өттү. Окуучулар “Тартиптүү мектеп- тарбиялуу коом! Зомбулуксуз мектеп – коомдун өнүгүшүнө өбөлгө” - деген темада талкуу уюштурулду. Окуучулар “Зомбулук деген эмне?” , “Жаштарга карата зомбулуктун түрлөрү”,”Жаштар арасындагы укук бузуулардын түрлөрү” боюнча ата – энелер менен биргеликте аңгемелешүүгө катышышты. Андан соң ата- энелер мектеби үчүн сабак уюштурулду.
"Бала тарбиялоодогу заманбап көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору"- деген темада ата-энелер менен бирге семинар өткөрүлдү. Ата-энелер бүгүнкү күндө бала тарбиялоодо бир нече көйгөйлөрдү атады. Балдардын бейбаштыгы, жалкоолугу, телефонго азгырылып үй жумуштарына да кол кабыш кылбай, китеп окубай жаткандыгын айтышты жана семинардын жүрүшүндө балдардын бүгүнкү тарбиясына ата-энелердин кайдыгерлиги же балдарга аз убак бөлүүсү же болбосо ашыкча камкордук жасоосу ата-энелердин кемчилдиги экендиги талкууланды. Ата-энелер азыркы учурдагы тасмалар, интернет оюндары балдарга терс таасирин тийгизип жаткандыгы ал үчүн баарыбыз бирге балдарга туура багыт берип, туура инвестиция жасообуз абдан зарыл деген жыйынтыкка келишти
- 1 Кароолор