Эл аралык эне тил күнүнө карата 9- а классында "Эне тилге кызмат" деген темада класстык саат өтүлдү. Максатыбыз эне тил үчүн кызмат кылган инсандардын зор эмгегин белгилөө менен окуучуларды эне тили үчүн кызмат кылууга чакыруу эле. Эне тилибиз улутубуздун улут катары сакталып калышы үчүн кызмат кылса, ал эми ар бир муун тилибизге аң сезимдүүлүк менен мамиле жасап, анын келечеги жана түбөлүктүүлүгү үчүн кызмат кылса. Сабактын жүрүшүндө төбөсү көрүнгөн акыныбыз Асылбек Маратовдун кыргыз тилинин тарыхый баскан жолу, тагдыры жана ага кызмат кылган белгилүү агартуучулар жөнүндөгү санатын уктуруу менен коштолду. Санаттын өзөгүнөн өзүбүзгө тиешелүү ой каймагын калпып алып, талкуулап, зээнибизге ой топтодук. Кыргыз тили улут үчүн кызмат кылса, ал эми окуучуларыбыз кыргыз тили үчүн кыргыз интеллигенциясынын жолун улап, кызмат кылган инсан болуп жетилсе деген ой.
- 1 Кароолор