Улут биримдиги-улуу байлык

Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин 8-9-класстарынын арасында 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата “Улут биримдиги-улуу байлык” -деген темада мектеп парламенти тарабынан уюштурулуп, окуучулар активдүү катышышты. Сынактын максаты эне тилдин баалуулугун даңазалоо жана аны таза сүйлөө, ар улуттун эне тилин сыйлоо. Берилген программага ылайык ар бир команда ар улуттун каада -салтын чагылдыруу, бийин бийлөө, улуттардын тарыхын айтып берүү менен сынак жыйынтыкталды. Окуучулар өзбек, индия, египет,орус,татар, уйгур, англия, боливия, испан улутунун тарыхын, каада -салттарын презентациялап беришти. Калыстар тобунун чечими менен орундар берилип, окуучуларга ыраазычылык айтылды.

  • 1 Кароолор