23-Февраль – Ата Мекенди коргоо күнү

Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата катар басып ырдоо таймашы 9-10-11 класстарынын арасында болуп өттү.
Таймашта
1. Саламдашуу, команданын атын коргоо
2. ⁠Жеке аскер ыры
3. Саптык дайындык
4. ⁠Автоматты жарым чачуу жана жыйноо
5. ⁠Аскер ашканасы
6. ⁠Противогаз менен норматив аткаруу
7. ⁠Пневматикалык куралдан жаткан абалда ок атуу тапшырмалары берилди.
Окуучулар берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарышты. Таймашка Кара-Көл шаардык 7706 аскер бөлүгүнүн күжүрмөн даярдоо бөлүмүнүн башчысы Замирбеков Бек Замирбекович жана Кара –Көл ШАКтын аскер комиссарынын орун басары Каримов Медербек Заирбекович келип катышып, таймашка калыстык кылып,окуучулардын таймашта көрсөткөн тапшырмаларына ыраазы болушту.
1-орунду 10-“А” класс
2-орунду 10-“Б”класс
3-орунду 9-“В” класс
алышты. “Ата Мекенди коргоо- ар бирибиздин милдетибиз!” деген жакшы каалоо-тилектерин айтуу менен окуучулардын мекенчилдик сезимдерин ойгото алды.
  • 1 Кароолор