21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө карата “Тил-улуттун жан дүйнөсү” деген темада кыргыз тили жана адабияты мугалим Жумаканова Улара, Кадырова Айниза, Карагулова Бегимбү эне тилибизди даңазалоо максатында иш-чара уюштурушту
Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул- эне тилибиз кыргыз тили экенин даңазалап 9-классынын окуучулары эне тил тууралуу айтыш ырын айтышып иш-чараны кызуу баштап беришти.
Келгиле, биргеликте дүйнөдө теңдеши жок алп “Манастай” дастандарды жараткан эне тилибиз жөнүндө көркөм ырларды айтып ой бөлүшүп, Манас эпосунан Дамиров Байжигит үзүндү айтып, 7-б классынын окуучулары эне тилин даңазалаган акыйнек, кыргыз бий,обондуу ырларды ырдап иш-чара жыйынтыкталды.
Залкар жазуучубуз Ч. Айтматов: “Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет”-деп айткандай, эне тилибиз- кыргыз тили нечендеген кылымдар бою жашап келген, жашап жатат жана жашай бермекчи!
Бар бол кыргыз элим! Бар бол эне тилим-кыргыз тили!
- 1 Кароолор