Токтогул атындагы N1жалпы орто мектебинин 5-а, б, в классынын класс жетекчилери Ш Назаралиева, Э Чыналиева, М Какеева 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата “ Тил достуктун ачкычы” аттуу дубал газета чыгарышты.
Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулган видеотүрмөктөрдүн конкурсуна 7-а классынын окуучулары активдүү катышып,кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушту.7-б,в классынын окуучулары Каныбекова Айдана, Кукушева Рабина,Улукманова Амина , 11-б классынын окуучулары Джекшеева Каныкей, Мелисова Сайкал,10-б классынын окуучусу Асаналиева Азада Эл аралык эне тилдер күнүнө карата видео дилбаяндарды жасашты. Ал эми мектеп ичинде кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалоо максатында сынак уюштурулуп, окуучулар, мугалимдер улуттук кийимдерди кийип келишти. Эң мыктылары мектептин баракчаларына жарыяланды.
- 1 Кароолор