24.02.2024-ж Кара-Көл шаарында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата шаардык мектеп окуучуларын аскерге даярдоо максатында “Мен мекенимдин сакчысымын” аттуу сынак шаарыбыздын №7706 аскер бөлүгүндө уюштурулуп, Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин “Кыраан Манас” командасы катышты.Программада берилген ташырмаларды так аткарып, аскердик саптык даярдык, автоматты жыйноо жана кайра чачуу ,противогаз кийүү тапшырмаларын жогорку деңгээлде көрсөтүшүп,жыйынтыгында 2-орунга ээ болушуп,акчалай сыйлык жана громата менен сыйланышты.Катышуучулар мекенди коргоо жана анын тынчтыгын сактоо ар бир жарандын ыйык милдети экенин түшүнүштү. Бул иш-чара алардын жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүнү жана сыймыкты арттырды
- 1 Кароолор