Позитивдүү тарбия боюнча USDI менен биргеликте башталгыч классынын китеп окуу көндүмдөрүн калыптандыруу, балдарга позитивдүү тарбия берүү максатында биздин мектептен экиден мугалим , китепканачы катышып шаардык семинар өтүп беришти. Окуу лагерине окуучулар катышып 1- орунду камсыздашты. Өзүм китеп жасаймын конкурсуна катышып 12 окуучу китеп жана окуу куралдары менен сыйланышты. Улуу Жеништин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдигин даңктайбыз” аттуу республикалык онлайн – фестивалда “ Обондуу ырлар” номинациясы боюнча дипломант наамы менен 6-“А” классынын окуучусу Мукаилов Алистан сыйланган. “ Мен мугалим болгум келет” деген темадагы дилбаян жазууда шаарда 11-“А” классынын окуучусу Кадырова Алина, Молдобекова Г, Тургунова Асылзат 1- орунга ээ болуп шаарыбыздын мэри Эркеев И.М. 1000 сомдон акчалай сыйлык берди.
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасы уюштурган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата арналган конкурска активдүү катышканы үчүн 11- “А” классынын окуучулары Тургунова Асылзат, Кадырова Алина сертификат менен сыйланган. Секомдун “Интернетсиз бир күн” деген темада аттуу лагерине катышканды үчүн да 11- “А” классынын окуучулары Тургунова Асылзат, Кадырова Алина сертификат менен сыйланды.
- 3 Кароолор