Тарбиялык  иштер

Тарбиялык иштер

Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин 10-классынын окуучулары Эргешбаев Рамиль жана Айылчийева Азема долбоордун жетекичиси Масилбек кызы Кайыргул эжекеси мн биргеликте ''Айыл чарба калдыктарын колдонуу менен биогаз өндүрүү үчүн окуучулардын салымы" деген долбоор менен иштешүүдө. Долбоордун максаты: Айыл чарба калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин анализдөө жана экологиялык жактан таза энергияны алуу жолдорун сунуштоо. Коомчулукка ушул багыт боюнча маалымат берүү менен биогаз өндүрүү үчүн жеке ишкерлерди табуу. Себеби: айыл чарба калдыктарын кайрадан иштетпесек, таштандыга ташталган учурда экологияга зыян алып келүүчү метан газын бөлүп чыгарат. Долбоордун негизинде шаарыбыздын кээ бир таштанды таштоочу урналарына таштандыларды ирээтеп төгүү жөнүндө маалыматтарды чапташты. Ошону менен бирге жаштарды тазалыкка чакыруу.

  • 1 Кароолор