Мекенимдин кызыл туусу

Мекенимдин кызыл туусу

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 3-А классында "Мекенимдин кызыл туусу" деген темада тарбиялык саат өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — окуучуларга Кыргыз Республикасынын туусу жөнүндө жана анын тарыхын , символикасын үйрөтүү, мекенге болгон сүйүүнү күчөтүү болду. Сабакта туунун маанисин түшүндүрүп, кызыл түс эмнени билдирерин түшүнүштү. Окуучулар туунун сүрөтүн тартып, өз ойлору менен боёп көрсөтүштү. Ошондой эле мекен, эгемендүүлүк тууралуу ырларды айтып , кызуу талкуу жүргүзүштү. Сабактан балдар тууну ар дайым сыйлап, мекенди сүйүүгө шыктануу алышты.
Маалымат жазган мугалими Эгизбаева Ү.К.
  • 1 Кароолор