Ден-соолук

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 6-"Б" классына класс жетекчиси Эсенкулова Нурзада тарабынан сергек жашоо образы боюнча "Кир колдон тараган оорулар" деген темада класстык саат өтүлдү.
Класстык сааттын жүрүшүндө окуучулар "Кир кол аркылуу кандай оорулар жугат?", "Колду качан жана кантип жууш керек?", "Ден соолук үчүн дагы кандай эрежелерди сактоо зарыл?", "Эмне үчүн пайдалуу жана зыяндуу микробдор жөнүндө айтышат?", "Зыяндуу микробдор денебизге кантип кирет?", "Микробдор кандай ооруларды пайда кылышат?" деген суроолорго жооп ала алышты. Балдар бул темага байланыштуу видео сабакты көрүшүп, талкуу жүргүзүштү. Андан соң слайдда көргөзүлгөн маалыматтар менен таанышып чыгышты. Кир колдун жана андагы микробдордун сүрөтүн тартышып, колду таза кармоо эң зарыл экенин белгилешти. Колду туура жууганды дагы бир жолу эстерине салышты.
  • 1 Кароолор