3-март Мамлекеттик Туу күнү

3-март Мамлекеттик Туу күнү

Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин 2-в классына 3-март-Мамлекеттик туу күнүнө карата класстык саат өтүлдү.Окуучулар туунун маанисин, анын түстөрүнүн жана символикасынын маанисин үйрөнүшүп,тууну урматтоо жана сактоо жөнүндө ойлорун билдиришти.Туу биздин өлкөбүздүн символу катары патриоттук сезимдерди жаратып,аны урматтоо-ар бир жарандын милдети экендиги түшүндүрүлдү.Класстык сааттын соңунда "Менин өлкөмдүн туусу" деген темада сүрөт тартып келүү сунушталды.
Класс жетекчиси:Абдылдаева Г.М
  • 1 Кароолор