Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 9-в классынын класс жетекчиси Токтомамбетова Алтынай 3-март Туу күнүнө карата "Желбиресин кыргызымдын желеги" деген темада 9-в классына класстык саат өттү. Алгач, сабак Гимн ырдоо менен башталды. Бул күн 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мамлекеттик тууну расмий түрдө бекиткенине байланыштуу белгиленет. Кыргыз туусу – бул эгемендүүлүктүн, биримдиктин жана мекенчилдиктин символу. Ал кызыл түстө болуп, борборунда алтын түстөгү күн жана анын ичинде түндүк сүрөттөлгөн. Кызыл түс эркиндикти жана күрөштү, күн – бейпилдикти жана жашоону, түндүк – үй-бүлөнү жана биримдикти билдирет.
Бул күндү белгилөө – ар бир жарандын мекенге болгон сүйүүсүн жана сыймыгын далилдөө экендигин балдар түшүнө билишти. Ар бирибиз Кыргызстандын желегин урматтоого жана анын маанисин терең түшүнүүгө тийишпиз.
- 1 Кароолор