" Айкөл Манас" тобу

" Айкөл Манас" тобу

Токтогул  атындагы №1 мектеп-гимназиясынын " Айкөл Манас" тобу азыркы мезгилдин мекенчил муундарынын,  кайраттуу, эр жүрөк уландарынын катарын толуктайт.  Мекенибизге таяныч жана чеп болоруна, эли-журтуна чын жүрөктөн кызмат кыларын ишенебиз.
 Бизди мекен алгыр кылып таптаган, 
Уландарбыз эч бир таюу тартпаган.
Айкөл Манас тобун түзүп турабыз,
Алп Манастай Мекен чегин сактаган.
 
Уландарбыз кызмат кылчу элине,
Мекен туусун бийиктикке көтөргөн, 
Туу алдында ант берүүгө даярбыз.
Эр жигиттей мекенибиз ишенген!
 
Тайманбаган биз уланы кыргыздын,
Алп Манастын улуу жолун улаган,
Алп жүрөктүү Тянь-Шандын барчыны
Ата-журттун керегине жараган.
 
Желбиресин мекенимдин байрагы, 
Коштоп тынчтык, элибиздин сайраны.
Бөбөктөрдүн күлкүлөрү жанырсын,
Аталардын болсун жүзү жайдары.
 
Мекен чегин бузган эч ким болбосун, 
Кыргыз уулу чептен бекем орносун.
Кайраты күч мекенимдин уул -кызын, 
Ата руху, Айкөл Манас колдосун!
 
 Сактап, коргоп мекенимди, жеримди.
Бекемдеймин ата мурас чебимди.
Керек болсо каны- жаным каз кылып,
Аябаймын Ата журттан өмүрдү.
 
 Өлкөбүздүн шаңшып учуп улары,
Бийик өссүн чырпыгы да чыңары.
Ата журттун ар бир уулу жетилсин,
Тайманбаган баатыр Чубак сынары.
 
 Автору:   Тагаева Фаризат Аралбековна
  • 3 Кароолор