Билим берүү

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 7-"В","Г" классынын окуучуларына тарых сабагынын мугалимдери Батыркулова Ж.Д Мамышова А.М Улуу жеңиштин 80жылдыгына карата бинардык метод менен Кыргызстандын жоокерлери Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында деген темада класстык тарбиялык сабак өтүштү. Эч ким эч нерсе унутулбайт дегендей, сабактын максаты Улуу Ата-Мекедик согуш жөнүндө, андагы Кыргызстандык жоокерлердин эрдиктерин баяндоо. Согуш мезгилинде элдин кайратман эмгеги менен окуучуларды тааныштыруу. Эрдик көрсөткөн баатырлардын элесин сактоо менен балдарды мекенин сүйүүгө, патриоттуулукка, эмгекти сүйүүгө тарбиялоо. Дүйнөлүк үстөмдүккө жетүүнү көздөгөн фашисттик Германия 1941-ж. 22-июнда түнкү саат 4тө СССРге кол салган. 1941-ж.10-июлда Белорусиянын Борисов кыштагын коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн, биринчилерден болуп Кыргызстандык жоокер Николай Дмитриев биринчи жолу Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыктуу болгон. Германия "Барбаросса" деп аталган планы боюнча Советтер Союзун бир нече жумада эле талкалап, 1941-ж. кышына чейин СССРдин Европалык бөлүгүн басып алмак. Адегенде эле фашисттик Германиянын 5,5 млн адамдан турган 190дивизиясы Совет өлкөсүнө басып кирген, Германия менен СССРге каршы согушка Италия, Финляндия, Румыния, Венгрия, Испания катышкан. Немецтик - Фашисттик баскынчылардын жырткычтык менен кол салышы Совет элинин тынч жашоосун дүрбөлөңгө салган. Ошентип, Социалисттик Ата-Мекендик көз каранды эместиги жана эркиндиги үчүн Улуу Ата-Мекендик согуш башталган. Биздин согушка аттанган мекенчилдердин урааны:"Ата Мекенди коргоо үчүн каны жаныбызды аябайбыз!" "Баскынчыларга өлүм!" Сабактын аягында окуучулардын көркөм ырлары айтылып,тынчтык керек деген обондуу ыр менен сабак жыйынтыкталды
Дүйнөнүн жүзүн өрт алып,
Кара жалын каптады.
Кыяндай жүрөт шаркырап,
Кызыл кандын акканы.
Ушундай апаат күндөрдө,
Уяттан уят эмеспи.
Уулуңдун үйдө жатканы.
"Айланам коркок болбо"- деп,
Айтканын эстейм эненин .
Айчапчып суудай толкуган,
Артымда калкым турганда ,
Айыгышкан жоону жеңемин!
  • 1 Кароолор