21-февраль-Эл аралык эне тил күнү

21-февраль-Эл аралык эне тил күнү

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 4-" а" классында , 21- февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун “ деген темада тарбиялык саат өтүлдү.
Окуучуларга тема боюнча кеңири түшүнүк берилди.Кыргыз тилибиз - биздин эне тилибиз.Биз үчүн улуу тил ,ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып , эли- жерин коргоп келген.Бабабыз Бакай Накыл сөзүн баян эткен.Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган.ЭНЕ ТИЛДИ СҮЙҮҮ ар бирибиздин парзыбыз.Бүгүн 21- февраль дүйнө элинин тил күнү.Ар бир элдин өзүнүн тили,дили, салты,каадасы, кийими,туусу, гимни,герби бар.Ар бир элдин өз тили баалуу, өз тилин билүү парз. Ошону менен бирге эле өз тилин менен жанаша башка улуттардын тилин билүү ашыкчалык кылбайт.Кыргызстанда көптөгөн улуттун өкүлдөрү жашашат.Алар менен ынтымактуу жашап келе жатабыз.Дүйнө элинин ынтымагы бекем болуп,тынчылыкта , бири- бирибиздин тилибизди, дилибизди сыйлашып ынтымакта бололу.Окуучулар дуйнө элинин туулары менен таанышышты.Кыргыз тилибиз боюнча кыргыз элинин акын жазуучулары жазган ырлардан , макал лакаптардан айтышты.Өзүбүздүн класстагы кыздар кол ойнотуп , комузда күү чертишип ошондой эле тил боюнча Тесттик суроолорго жооп беришип,сабак кызыктуу жана көңүлдүү жыйынтыкталды.
Класс жетекчиси: Мурзабекова Г.К.
  • 1 Кароолор