Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинде мугалимдер жамаатына 26.02.2025 күнү кезексиз педагогикалык кеңеш болуп, ага жалпы мугалимдер, мектеп администрациясы, ШИИБдин башчысынын орун басары милициянын капитаны К.К.Кадыров жана жашы жете электер менен иштөө боюнча милициянын лейтенанты А Бакирова, милициянын лейтенанты Уланов Актан келип катышты. Кеңешмени мектеп директору Тагаева Рахат Аралбековна ачып, акыркы күндөрдө кылмыштуулук коомдо күч алып жаткандыгын айтып, кылмыштуулуктун , зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында даярдалган докладга,мектептин социалдык педагогу Г.К.Субаналиевага сөз берди. Ал мугалимдер жамаатына "Окуучуларды руханий адеп-ахлактык тарбиялоо жана кылмыштуулуктун, рэкетчиликтин алдын алуу" деген темада доклад окуду. Докладында азыркы кездеги көйгөй кылмыштуулукка түрткү болуп жаткан мигрант ата-эненин баласынын баяны боюнча талкуу болду. Өспүрүмдөр менен иш алып барууда ийгиликтүү жүрүүсүндө бир нече эрежелерди эске алуу керектигин айтып,
-Өспүрүмдүн психикалык жетилүү өзгөчөлүктөрүн жана абалын түшүнүү менен тарбиялануучуну сөзсүз кабыл алуу;
-Ашыкча талаптарды койбостон, анын чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн көрүү;
-Тарбия адебинде ийкемдүүлүктү көрсөтүү,аны өз көз карашына, адаттары менен маанайына эмес,баланын жеке өзгөчөлүктөрүнө баш ийдирүү;
Бала менен ата-эненин, ортосундагы психологиялык байланыш, ишеним, баланын инсан экендигине маани берүү тарбиялоонун ийгилиги экенин айтты.
- 2 Кароолор