АК КАЛПАК КҮНҮ АЛДЫҢКЫЛАР СЫЙЛАНДЫ.
Шаарыбызда "5- март Ак калпак күнү ".чоң шаң менен белгиленди.
Иш-чарага шаардык мекеме- ишканалардан, билим берүү уюмдарынан ошондой эле мекенчил жарандар ак калпактарын баштарына кийип, мекенчилдик сезим менен майрамдык маанайда жөө жүрүш менен келип катышышты.
Иш чара жылдагыдан өзгөчө таризде өттү.
Себеби, жакында эле болуп өткөн Республикалык предметтик олимпиаданын шаардык деңгээлдеги жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи да окуучуларды сүйүнттү. Кара-Көл ШБББнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира окуунун алдыңкыларына "Ардак грамота" тапшырды.
Олимпиаданын шаардык турунан 1-2- орун алган окуучулар жакында Республикалык олимпиаданын областтык туруна катышмакчы.
Бардык жеңүүчүлөргө ийгилик каалайбыз, шаарыбыздын намысын коргоп, алдыңкы орундарды багындырып келгиле деп ишенебиз!
- 1 Кароолор