Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 3-в классынын окуучуларына 5- март- Ак калпак күнүнө карата "Ак калпак - ата-бабадан калган мурас " деген темада тарбиялык саат өтүлдү.
Мен силерге келип турат даңктагым,
Кадимки эле кыргызымдын калпагын.
Анда эмесе баарың кулак салып тур,
Ак калпактын улуулугун айтайын. - деген ыр саптары менен окуучуларга кыргыз элинин улуттук баш кийими ак калпактын тарыхы, түрлөрү, мааниси тууралуу маалымат берилди. Улуттук баалуулугубуз калпак жөнүндө жазылган ыр саптарын көркөм айтышып, калпактын элеси түшүрүлгөн кроссвордду толтурушту. Калпактын баалуулугун, улуулугун көрсөткөн сценка аткарышып, өздөрүнүн кол эмгектери менен түстүү кагаздарын колдонуп, калпак жасашты. Өтүлгөн сабак окуучулардын сезимдерин ойготуп, улуттук баш кийим калпактын улуулугуна, баалуулугуна болгон сый-урматы артты деген ишеничтемин.
- 1 Кароолор