Бүгүн 5-март шаардык жаштар комитети менен биргеликте уюштурулган "Сен китепти ачсаң ,китеп сени ачат" долбоорунун негизинде 5-март Ак калпак күнүнө карата ачык коференция китепканабыздын окуу бөлүмүндө өткөрүлдү.
Конференциянын күн тартибинде:
- Кыргыздын салттуу Ак калпагы;
- Билимди көчөдөн эмес китептен изде;
- Кыргызстан кечээ,бүгүн,эртең;
- Кара-Көл шаары туристтер үчүн; деген темалар болду.
Аталган иш чарага шаарыбыздагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышышып темалар боюнча кызуу талкуу жүргүзүштү .
Коноктор Шаарыбыздары "Ак кеме" китеп дүкөнүнүн жетекчиси,жеке ишкер Шейшенбаев Бакыт,"Элдер достугу"эл аралык окутуу билим берүү комплексинин директору, филология илиминин магистри Мамытова Мунара,"Элдер достугу" эл аралык окутуу билим берүү комплексинин негиздөөчүсү, Кытай эл республикасынын филология илиминин магистри Эшназаров Алмазбек,Т.Сатылганов атындагы N1-мектеп гимназиясынын мугалими Тагаева Рахат эжеке жана Кара-Көл Колледжинин тарых мугалими Батыркулов Улан агайлар болушту.
- 3 Кароолор