8 - Март - Аялдардын Эл аралык  күнүнө карата семинар болуп өттү.

8 - Март - Аялдардын Эл аралык күнүнө карата семинар болуп өттү.

Токтогул атындагы № 1 мектеп- гимназиясынын  6-11 - класстарынын арасында  класстарынын арасында   8 - Март - Аялдардын Эл аралык  күнүнө карата семинар болуп өттү.Семинарды организатору Тагаева Р.А. уюштурду. Семинарда Кара - Көл шаарынын аялдар кеңешинин  төрайымы Равшан Абыткановна ,Кара - Көл нуру газетасынын редактору Кошматова Разия ,  Кара - Көл шаардык ден соолук комитетинин адиси Дүйшөбаева Элиза ,мектебибизде мед айымы Күйүкова Калия эжекелер катышышты. Окуучу кыздарга   "Кыздардын  опурталдуу  учурдагы кулк- мүнөзү жана жалпы ден соолугу,
өспүрүм кыздар кайсы курагынан баштап косметика колдонсо болот" деген темада кыздар менен энелерибиз ой бөлүшүштү. Кыздарга төмөндөгүдөй кеп - кеңештер айтылды. 
    Кыз балдарды опурталдуу учуруна чейин ар кандай урунт болуудан, катуу суук тийүүдөн, ар нерседен катуу чоочуп калуусунан сактап, этият мамиле менен багып өстүрүү керек .
Кыз балдар эркек балдарга караганда сезимтал, чыйрак жана  ар нерсеге дилгир болгондуктан үйдөгү сүйлөнүп жаткан ар бир сөзгө маани берип, ар бир кишинин  кулк- мүнөзүн талдап , кайра аны учурун келтирип айтып чыгууга , чоң кишилер  менен ой бөлүшүүгө эртелеп далалаттанып , үй- тиричилигине  алынып жетишинче аралашууга  умтулуп чоңоёт.
Ырдаганга  – бийлегенге шыктуу болуп төрөлгөн кыздарга көп жумуш жасатпоо аракетте болуп, эмне менен аракеттенсе ошого жараша шарт түзүп берип, каалаган кружокторуна катышуусуна өбөлгө түзүү зарыл
Кыз  балдар кайсы кесипке шыктуу болсо ошол кесибине ылайыктуу  өң келбетке жана мүнөз- адатка ээ болуп, табият тартуулаган кыймыл аракет менен өсүп чоңоет.
Эгерде таланты бар кыз болсо аны өнүктүүгө аракет кылуусу керек. Чыныгы талант жок болбосо жөндөм-шыкты экинчи кесип катары пайдаланып, башка кесиптин чыныгы кесиптин ээси болууга эртелеп аракеттенүүсү зарыл.
Кыз балдар өзүнө жарашпаса дагы кымбат баалуу кийимдерди тандагандан көрөкчө ата- энесинин финансылык абалына ылайыктуу, арзан болсо дагы жарашыктуу кийимдерди тандап кийгендери оң.
Өспүрүм  курактагылар кайсы курагынан баштап косметика  колдонсо болот?
Сулуу болуш  үчүн адам  биринчи 
 адептүү  жүрүш- турушту , башкаларга  карата сый – мамилени , жакшы мүнөз адатты өзүнө камсыздандырышы керек.
Өспүрүм кыздар бетине ар нерселерди чаптай берүү менен бетинин клеткасын бузуп, эртелеп бырыш түшүрүп, алуу кесепетин  жакындатышат.
  • 5 Кароолор