Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 5-б,в класстарынын класс жетекчилери Назаралиева Ш.С , Какеева М "Ата-энелер мектеби" программасынын алкагында
«Зордук-зомбулук жана анын баланын өнүгүүсүнө тийгизген таасири» деген темада ата- энелер мектебин өтүштү. Иш-чарада зомбулук - бул адамдын эркин чектөө, анын үстүндө бийликке ээ болуу жана башкаруу максатын көздөгөн, системалык түрдө кайталанып туруучу адам эркине каршы физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык мүнөздөгү таасир этүүчү актылар экендигин билишти жана талкуу жүргүзүлдү. Мындан сырткары үй-бүлөдөгү зомбулуктун түрлөрү:1. физикалык 2. сексуалдык 3. психологиялык 4. камкордуктун жоктугу жөнүндө айтылып, үй-бүлөдө балага жылуу мамиле кылып, анын жан -дүйнөсүн окуй билүу керек , ал үчүн ата _ эне бардык тараптан билим алып туруу зарыл. Кайсы гана зомбулуктун түрү болбосун, эң негизи, балдар түбөлүккө жан дүйнөсүнө оор жаракат алышат, ошондуктан сабакта аны чечүүнүн жолдор ар бир ата - эне билүусү керек.
- 1 Кароолор