Нооруз-көктөм майрамы
""Алас,алас,алас,ар балээден калас..." Мына ушундай аластоо менен жаңы жылды,жаңы күндү тосуу,жагалданып, жарашыктуу кийинип,жакындарга, бүткүл журтка тынччылык,молчулук,ынтымак каалап, жүрөктөрдү тазалап, жан дүйнөсүн аруулаган касиеттүү кыргыз журтум,окуучуларым!
Ошол күн келе жатат: шаңшыган комуз күүсү, аргымак минип алкынтып,ак калпагы шаңкайып ат чабышка шашкандар, аруу тилек тилешип көжө ашы жасалып, даамы шилекей агызган сүмөлөккө кам көргөн энелер, алты бакан тебишип, арзуу ырын ырдашар жаш селки, уландар, дасторкон четинде узун сабак сөзгө кирген ак сакалдуу карыялар...Деги койчу,кыргыз жери шаңга толуп керемет!"
Көктөм майрамынын көркөм элеси кыргыз баласы үчүн ажайып дүйнө! Менин керемет күн жөнүндө айтып жатканымда класс ичиндеги балдар муюп тыңшап,ошол окуяларда өздөрү жүргөндөй сезилет!
Нооруз кут болсун,журтумда жакшылык,бакубат жашоо болсун!
Кл.жетечиси:
Карагулова Бегимбү
- 1 Кароолор