Нооруз майрамы

Нооруз майрамы

Токтогул атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 3-а классынын окуучуларына "Нооруз- жаңылануунун жана ынтымактын майрамы" деген темада тарбиялык саат өтүлдү.Окуучулар сабакта Нооруз майрамынын маанисин анын руханий, тарыхый жана маданий баалуулуктарын түшүнүү менен, улуттук салт-санаага сый-урмат менен мамиле кылууга үйрөнүштү. Тарбиялык жактан алганда, бул иш-чара ынтымакты, боорукердикти жана жаратылышка аяр мамилени калыптандырууга өбөлгө түзүштү. Нооруз майрамына байланыштуу жакшы тилектер менен сабак жыйынтыкталды. Маалымат берген мугалими Эгизбаева Ү.К.

  • 1 Кароолор