Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 4-"а"классында, Нооруз- " Жаңы- Күн" майрамы деген темада класстык саат өтүлдү.Нооруз- аруулуктун, тазалыктын, жаңылануүнун майрамы.Бул күнү жакшылыкка үмүт кылып,үй ичин тазалашып, арча менен аласташып,түрдүү тамак- аштарды даярдашып, бирин- бири сыйлашып, бири- бирине жакшы тилектерди айтышып, Нооруздун эң сый тамагы болгон Сүмөлөк бышырышып , тилектерин айтып, кудайдан суранышып, оюн- күлкү менен таңды атырышат. Окуучулар Нооруз жөнүндө кеңири маалымат алышты.Нооруз жөнүндө Видео роликтерди көрүштү. Сабак Нооруз жөнүндө ыр, макал, накыл сөз табышмактарды айтуу менен жыйынтыкталды.
Муг. МурзабековаГ.К.
- 1 Кароолор