Жаркыраган жаз менен, эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди.Нооруз майрамына карата 14-март күнү Токтогул атындагы N 1 жалпы орто билим берүү мектебинде салтанаттуу линейка болуп өттү. Ушул кубанычтуу майрамда обондуу ырлар ырдалып, кыргыз бийи бийленип, арча түтөтүлдү. Ошондой эле мектеп директору Тагаева Р.А жалпы мугалимдерди, окуучуларды жаз менен кошо жарышып кирип келген Нооруз майрамы менен куттуктады. Жергебизде тынчтык болуп, улуу Нооруз күнү жаралган таза сезимдер ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун. Ушул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.
Ар бирибиз үчүн бул жыл бактылуу жыл болсун. Ынтымакчылыктын, бекем достуктун, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ийгиликтердин, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болсун.
Дайыма жүзүңүздөр жарык, маанайыңыздар шат болсун.Тилеген ой-максаттарыңыздар орундалсын!
- 1 Кароолор