Билим берүү жана илим министрлиги
USAIDдин "Окуу керемет" долбоорунун алкагында Кара - Көл шаардык билим берүүнүн метод кабинетинин башчысы, USAIDдин "Окуу керемет" долбоорунун тренери Каракозуева А.К. "Окуу керемет" долбоорун мугалимдердин тажрыйбада колдоно билүүсү үчүн насаатчылык жүргүзүү максатында Токтогул атындагы №1 мектеп - гимназиясына келип, башталгыч классынын мугалимдеринин сабактарына катышты. Башталгыч классынын мугалимдери бул мезгилге чейин дистанттык формада окушуп,ар бир мугалим өздөрүнүн сабактарына балдар китебин өтүп жаткан темасына интеграция кылышып,ар түрдүү ыкмалардын,стратегиялардын жардамында сабактарды кызыктуу өтүштү. Мындан улам балдар китебинин жаңы билимди кабыл алууда өтө маанилүү экендигин байкадык.Башталгыч мектептеринде окуучуларды окутуу процессинде бир эле учурда " окуганга үйрөтүү" жана " үйрөтүү үчүн окууну" көркөм жана илимий таанып - билүү адабияттарына кызыктыруу табылгасы абдан маанилүү экендиги баса белгиленди.
З- " б" классынын класс жетекчиси Арыкбаева Ш адабий окуу сабагынан " Карга менен карышкыр" деген темада сабак өттү. Автор Батма Абдухамидованын китебинен карышкыр жөнүндө кошумча маалыматтарды берди.Балдар чыгарманы окуп,кайра түшүнүп айтып беришти.Карга боюнча окуучулар өздөрү кызыктуу маалыматтарды табышкан.Жаңылыктарын ички, сырткы айлампага бөлүнүшүн суроолорго жооп беришти.Сократтын семинар стратегиясын пайдаланып семинар абдан кызыктуу болду.
Мугалим сүрөттөр боюнча айтып берди. Окуучулар бири - бирине суроолорду беришти. Окуучулардан түзүлгөн байкоочулар карышкырдын өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндашты. Карга тууралуу окуучулар кызыктуу маалыматтарды айтышты.
Окуучулар сөз байлыгынын кенендиги менен өзгөчөлөнүп турду
Веендин диаграммасы боюнча карышкыр менен карганын окшоштук айырмачылыктарын аныкташты
Окуучулар окуган чыгармасы боюнча сүрөт тартышты
"Сократтын семинары " стратегиясы пайдаланылды
Негизги максаты : окуучуларды китеп окууга кызыктыруу .Сабакта текст менен тааныштыруу,үн кубулжутуп окуу
Сабактын жыйынтыгында окуучулардын сөз байлыгы өсүп,өз алдынча ой жүгүртүп өз пикирлерин айтышты. Окуучулар менен тыгыз байланышта иштеди
Адабий окуу сабагынан Шакирова Аваскан Арыналиевна " Адабий окуу " сабагы өтүлдү. Сабакта окуучуларга жагымдуу жагдай түзүлүп,сабактын негизги максаты аныкталды. Үй тапшырмасы үчүн берилген текстти суроо жооп аркылуу анализдешти. Чыгарманы окуу менен мугалим окуучуларды боорукерликке, чынчылдыкка, адептүү,ыймандуу болууга калыстыкка тарбиялады.
" Карыя калыс айттыбы?" деген жаңы тема окуучуларга берилген суроолор аркылуу аныкталды. Кыргыз элинин ' Карынын сөзүн капка сал" - деген макалдын окуучулар чечмелешти. Тексттери карыянын образын божомолдоп айтышты.Мугалим чыгарманы көркөм ,үн кубулжутуп окуп берди
Окуучулар "Карыя калыс айттыбы?- деген чыгарманы чынжырлата көркөм окушту
Окуучулар ролдорго бөлүнүп окушуп "Эпизоддун чебери" стратегиясын пайдаланышты
Риторикалык көнүгүү аркылуу макал- лакаптарды таап, макалдын маанисин чечмелешти
Мугалим чыгармадагы түшүнбөгөн сөздөр менен сөздүк иш жүргүздү
"Адабий ийримдер" стратегиясы менен иштөөдө
Чыгармадагы түшүнбөгөн сөздөргө сөз айкаштарын түзүштү
Чыгармадагы балдардын тарбиясына диаграмма түзүштү
Чыгарманы окуучулар ролдоштуруп аткарышты
Мугалим окуучуларга конкреттүү суроолоду берди. Балдардын сүйлөө речи, аткаруучулук чеберчилиги,окуучулардын өзүн- өзү баалоосу ( мониторинг) сабакты ийине жеткизди
Шаилдаева Саадат Чийбыловна адабий окуу сабагында " Таштанды ит" деген темада сабак өттү.Чыгарманы окуганга чейин окуучуларга суроолор берилди. Окуганга чейин чыгарманын картасын түзүштү.
Чыгарманы мугалим көркөм окуу менен бирге окуучуларга проблемалуу суроолорду берди. Окуучулар мугалим менен биргеликте аягына чейин окушту
"Наадандын кылган кастыгын жакшылык менен жеңип ал" деген макалды чечмелешип, чыгарманын сюжети боюнча сүрөттөрдү доскага жармаштырышты "Сандык катар" стратегиясы колдонулду
Сүрөттөр боюнча окуянын ырааттуу баяндап беришти. Сандардын катарын окуучулардын математикалык жөндөмүн шыктандыруу үчүн колдонду. Чыгармадагы окуяларды ,тексттеги идеяларды ырааттуу баяндашты
Окуучулар сабакта өтүлгөн темадагы сырткары Турар Кожомбердиевдин "Менин күчүгүм" Ак жолтой" деген балдар китебин пайдаланышты. Балдар ырды биргелешип окуп жатып ,ыр саптарын тез эле жаттап алышты.
ЮСАИДдин " Окуу керемет" долбоорун шаарыбыздагы башталгыч класстарынын мугалимдери дистанттык форматта үйрөнүп, теориялык билимдерин практикада пайдаланышты.
Сабактар абдан кызыктуу болду.
Эмне үчүн? деген суроо берүү стратегиялары сабактарда зор өбөлгө түздү
- 3 Кароолор