Ата-энелер чогулушу

Ата-энелер чогулушу

20.03. Токтогул атындагы N1жалпы орто билим берүү мектебинде жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушка Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери, ШБББнын башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира, аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү катышып, ата-энелерге баланы туура тарбиялоо, аларды көзөмөлгө алуу, ата-энелик мээрим керектигин, телефон колдонууда аларды көзөмөл кылуу зарылдыгын , кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн бала менен сырдаш болууну, балага кайдыгер мамиле кылбоо керектигин айтышып, тарбиянын үйдөн башталарын, мугалимдер мектептен билим гана берерин, аларды сыйлоо жана коомдук жайда өздөрүн туура алып жүрүүнү үйрөтүү ата-эненин милдети экендигине токтолуп өтүштү.

  • 3 Кароолор