Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик

Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин " Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жарлыгынын негизинде кыргыз элинин тарыхы, тили жана улуттук баалуулуктарын чыңдоо максатында уюшулган " Нооруз көжө - байыркы тамактардын бири" аттуу шаардык маданий иш - чара өтүп, иш-чарада кыргыз тили усулдук бирикмеси
"Адамдын көркү да, баасы да, наркы да салам - аликте " деген темада жакташты. Мында саламдашуу адамдар ортосундагы сый- урматтын, бийик маданиятын белгиси жана бири - бирине салам айтуу менен мээрим, жакшы көрүү, адамгерчиликти көрүнбөс жиптер менен өтүп, ошол мамилелер аркылуу жамаат ичин ырыс, ынтымак аралаганын даңазалашты. Көркөм ырлар айтылып, обондуу ырлар ырдалып, конокторго жылуу маанай тартуулашты.
Технология усулдук бирикмеси иш-чаранын катышуучуларынын арасында кыргыздын улуттук оюндары "Кол күрөш" жана "Аркан тартыш" оюнун уюштурду. Оюн абдан шаңдуу жана кызыктуу болду. Жеңүүчүлөргө усулдук бирикменин мугалимдери тарабынан сыйлыктар берилди.
Сүйүнчү – кубанычтуу, жакшылык кабар билдирүү жана жакшы кабар айткан кишиге берилүүчү сыйлык. Мисалы, бала төрөлгөндө, узак сапардан, жортуулдан аман кайтып келгенде, буюм, мал табылганда жана башкаларда жакшылыкты сүйүнчүлөшкөн."Сүйүнчүлөө" жөрөлгөсүн "Табигый илимдер" секциясы "Манас" эпосунан Манастын төрөлгөнүн Жакыпка Акбалтанын сүйүнчүлөгөнүнөн үзүндү аткарышыты.Ошондой эле "Бата берүү" боюнча биология сабагынын мугалими Сандыбаев Токтогазы агай түшүнүк берип, ак батасын берди.
Орус тил усулдук бирикмесинин мугалимдери кыргыздын улуттук тамак аштарын жасап келип, көргөзмө уюштурушуп презентациялап, "Ошол да тоолук кыргызбы?" деген ыр менен коштолду.
Кыргыздын улуттук тамак-аштары – бул кыргыз элинин жашоо образын, көчмөн маданиятын жана табигый байлыктарын чагылдырган даамдуу жана өзгөчө тамактар. Алар негизинен эт, сүт, ун жана дан азыктарынан жасалат.
Негизги улуттук тамактар:
• Бешбармак – эт жана камыр кошулган эң белгилүү улуттук тамак. Кой, жылкы же уй эти бышырылып, майда тууралып, камыр менен берилет.
• Куурдак – жаңы союлган малдын этинен, боорунан жана ички майынан жасалган куурулган тамак.
• Шорпо – эт менен бышырылган сорпо, ден соолукка пайдалуу жана тойгузуучу тамак.
• Чучук – жылкынын эти менен майы кошулуп жасалган улуттук колбаса.
• Жорго – уйдун куйругунан жасалган майлуу жана даамдуу шорпо.
Ун жана сүт азыктарынан жасалган тамактар:
• Борсок – майга куурулган камырдан жасалган даамдуу нан.
• Чак-чак – бал кошулган таттуу камыр азыгы.
• Каймак – уйдун же жылкынын сүтүнөн алынган коюу майлуу сүт азыгы.
• Сузмо жана кымыз – ачытылган сүт азыктары, кымыз жылкынын сүтүнөн жасалып, пайдалуу суусундук болуп саналат.
Кыргыздын улуттук ашканасы эт, ун жана сүт азыктарына негизделип, даамдуу жана тойгузуучу тамактар менен айырмаланарын дагы бир ирет далилдеп беришти.
Башталгыч классынын мугалимдери , тушоо кесүү салтын көрсөтүп беришти. Байыркы ата-бабаларыбыздан бери , урпактан урпакка өтүп келе жаткан тушоо кесүү салты бала там - туң басып , кадам шилтеп басууга аракет кылып калганда , балам турмушунан чалынбай шыр болсун деп ырымдашып, кара ,ак жипти бутуна байлап, балдарды, чоң адамдарды жүгүртүшүп, биринчи жүгүрүп келген адамга бутундагы жипти кестирип , белек- бечкектерин берип, чачыла чачтырып , улуу адамдардан бата алышкан.Башталгыч классынын мугалимдери бул салтты уюшкандыкта, жигердүүлүктө көрсөтүп беришти.
Социалдык усулдук бирикмесинин “Кыз баланы тарбиялоо - бул өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү иш “- деген темада класстан тышкаркы иш -чара өтүлдү. Мында "Кыздын көркү кырк өрүм чач" же болбосо "Аялдын көркү чачында" деген айтымдарды эл арасында угуп эле жүрсөк да, заман агымына ылайык узун чачты көп барк албай, убалына калып келебиз. Кыргызда " Эркек - пир, аял - кут"- дейт эмеспи. Ошол кут кармаган аялдын чачы анын аялдык жашоосунун, аялдык турмушунун өзөгүн кармап турганы маалым. Ата-эне катары кыз баланы туура тарбиялоо,анын коомдо жана жеке жашоосунда ийгиликтүү, бактылуу жана өзүн-өзү сыйлаган адам болуусуна шарт түзөт. Кыз баланы тарбиялоодо бир нече негизги аспекттери бар:
1.Сүйүү жана көңүл буруу.
2.Өзүнө болгон ишенимди аныктоо.
3.Тартип жана жоопкерчилик.
4.Эмпатия жана башка адамдарга көңүл буруу.
5.Ийгиликке жетүүнү үйрөтүү.
6.Салтты жана маданиятты урматтоо.
7.Жеке кеңештер жана мамиле куруу . Мындай тарбия кызга өзүнүн түпкү тамырларын түшүнүүгө жана өзүн өзгөчө инсан катары сезүүгө жардам берет.
Математика усулдук бирикмеси “Бала төрөлгөндө жасалуучу ырым-жырымдар” деген темада Кырбашова Бүбүайша Асековна маалымат берди.
Ар бир элдин өзүнүн каада-салты, үрп-адаттары жана ырым-жырымдары бар. Кыргыз эли да илгертеден жаңы төрөлгөн балага байланыштуу ар кандай ырымдарды жасап, анын келечегине, ден соолугуна жана бакубат жашоосуна жакшы ниет каалап келишкен.
1. Бешикке салуу
Жаңы төрөлгөн ымыркайды атайын ырымдап бешикке салуу салты бар. Бул жөрөлгөнү көбүнчө кадыр-барктуу, көп балалуу, ак ниеттүү аял аткарат. Бешикке салып жатканда баланын ден соолугу бекем, тагдыры жакшы болушу үчүн баталар айтылып, боорсок, май, тыйын сыяктуу буюмдар чачылат.
2. Ат коюу
Бала төрөлгөндөн кийин ага ысым тандоо маанилүү этап болуп эсептелет. Кыргыздар балага ат коёрдо анын маанисине өзгөчө маани беришкен. Ысым коюу салтында аксакалдар, кадырлуу адамдар чакырылып, наристеге жакшы тилек менен ысым ыйгарышат. Кээ бир учурларда, бала оорубасын деп жеңил аттар (Жаманбай, Итбай, Көчөк) берилген учурлар да кездешет.
3. Чычкан той (ушак той, кыркынан чыгаруу)
Бала төрөлгөндөн кийин аны кырк күнгө чейин көз тийүүдөн жана жаман күчтөрдөн сактоо максатында сыртка алып чыкпайт. Кырк күн толгондо атайын «кыркын чыгаруу» ырым-жырымы жасалат. Бул күнү балага жана энесине сый көрсөтүлүп, балага баталар айтылат. Ошондой эле, ымыркайдын чачы жана тырмактары алгачкы жолу алынат.
Бул унутулгус салттардын бири болгон талкан менен сары майдан жасалган жээнтек – өнөрлүү, унутулгус улуттук даамдардын бири. Ал той-топурда гана эмес, күнүмдүк жашоодо да пайдалуу азык болуп саналат. Ушул жээнтекти математика мугалимдери даярдап келип, семинардын катышуучуларына таратып, Чыналиева Элнуранын “Балама” деген ыры менен жыйынтыкташты.Англис тили мугалимдери Нооруз майрамына карата кыргыз улуттук кийиминин парадын уюштурду.70 жаштагы мугалимдерден тарта жаш кадрларга чейин кыргыз маданиятын чагылдырган кийимдердин түрүн кийип көрсөтүштү.
Кыргыздын улуттук кийимдери — элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Кыргыз кийими жана анын улуттук өзгөчөлүктөрү тарыхый узак мезгилде табигый жагдайлардын, көчмөн мал чарбанын жана ага байланган жашоо ыңгайынын өзгөчө шартында калыптанган. Кыргыздардын уруу-урук топторунун көчүп-конуусу, соода байланыштары, ошондой эле бөтөн элдер менен узак убакытка чейин коңшулаш жашашы кийимдин өнүгүшүнө таасир тийгизген.
Кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү болгон -калпактан тарта чапан,белдемчи,чыптама,кемсел,элечек,ак жоолук жана көйнөк тууралуу кызыктуу маалымат айтылды.
  • 4 Кароолор