Сабактын 5Е модели- Stem билим берүү

Сабактын 5Е модели- Stem билим берүү

17.03.25и күнү усулдук семинарда Токтогул атындагы №1 ЖОББМнин география сабагынын мугалими Тагаева Ф.А."Сабактын 5Е модели- Stem билим берүү"- деген темада доклад окуду.Сабактын 5E модели - бул окуучуларга билимди натыйжалуу өздөштүрүүгө жардам берүүчү заманбап окутуу ыкмасы.
Бул модель Джозеф Байбоп тарабынан иштелип чыккан. Алгач, өзгөчө илимге багытталган сабактарда колдонулган, учурда бардык эле предметтерге кеңири колдонулуп келе жатат, себеби ал конструктивдик (“конструкция” –куруу дегенди билдирет б.а. өз билимине таянып, жаңы билимди куруу, өздөштүрүү) окутуу теориясына негизделген жана активдүү, өз алдынча билим алууга багытталган.
Джозеф Байбоп- “Мугалим түшүндүрөт, окуучу угат” моделинен баш тартып, табигый илимдерди окутууда окуучуларга өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө, практикалык тажрыйбаларды колдонууга жана логикалык ойлоосун өстүрүп, өз алдынча жыйынтык чыгарууга басым жасайт.
Стемдик окутууга колдонуучу “Санарип кампа” ушул 5Е моделдин негизинде түзүлгөн."Санарип кампа" санариптик платформасы менен химия сабагынын мугалими Мамаева Н.А.түшүнүк берди.
Билим берүү жана илим министрлигинин «Санарип кампа» санариптик билим берүү платформасы мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде жеткирет.
Платформа 5-11-класстар үчүн арналган. Анда мугалимдер табигый илим предметтери (STEM) — математика, физика, биология, химия жана география боюнча кошумча окуу материалдарын тапса болот.
Маалымат жазган: Тагаева Ф.А.
  • 4 Кароолор