Усулдук семинар

Усулдук семинар

17.03.2025 күнү усулдук семинарда математика усулдук бирикмесинин мугалимдери Кырбашова Бубуайша, Чыналиева Эльнура, Аскарбекова Айзада методикалык семинарда 5Е моделинин структурасын колдонуп, мугалимдерге “Куб жөнүндө түшүнүк” деген темада кыскача сабактын фрагменти көрсөтүлдү. Мугалимдер өз алдынча берилген таякчаларды колдонуп, куб жасап, суроолор аркылуу анын грандары, кырлары, чокулары жөнүндө маалымат алышып, формулаларды пайдаланып, аянттын, көлөмүн, периметрлерин табышты. 5Е структурасы мугалимдер үчүн көп эмгекти, турмуш менен байланыштырып сабак өттүүнү, топ менен иштөөнү талап кылат. Ошондой эле окуучулардын кызыгуусун артырып, алган билимдери турмушта колдоно билүүгө, туура чечим кабыл алууга, топ менен иштегенге, маалыматты өз алдынча изилдеп, өзүн өзү баалаганга үйрөнүшөт

  • 4 Кароолор