Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунда белгиленгендей кыргыз элинин миңдеген жылдар бою сакталып келишине улуу “Манас” үчилтиги кыргыз элине дем берди.
“Манас” үчилтиги – улуттун гана эмес, дүйнөлүк маанидеги эпикалык мухит. Ал кыргыз элине демине дем кошуп, анын улут болуп калыптануу жолунда рухий азык, тарыхый жана философиялык таяныч болуп келген. “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолун улай 23.03.2025 күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас» , «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында Түлеберди манасчынын 290 жыл, Чоодан манасчынын 190 жылдыгына карата мектеп окуучулары арасындагы “ Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын облустук баскычына Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин “Эрдик” тобу , Чолпонбай Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинин “Ак шумкар” тобу, Фрунзе атындагы №3 жалпы орто билим берүү мектебинин " Айкөл Манас" тобунун окуучулары барып катышып келишти. Ар бир топ облустук баскычка катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланышты. Ал эми Токтогул атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин “Эрдик” тобунун 10 - а классынын окуучулары: Кыйбатова Анжелина, Анараалиев Ильгиз, Бекболсунов Элидин жалпы областтык топтордун арасында активдүү катышкандыгы үчүн мугалими Тагаева Рахат Аралбековнага Кыргыз Республикасынын маданиятына , коомдун руханий дүйнөсүн байытууга , кыргыз рухунун туу чокусу болгон улуу ”Манас” эпосун жайылтууга жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык кат берилди.
- 1 Кароолор