Нооруз майрамы

Нооруз майрамы

Токтогул атындагы №1 мектеп - гимназиясында  Нооруз майрамын утурлай 12.03.2021. күнү 5- класстар арасында "Чоң эне жана небере"  аттуу таймаш болуп өттү. Энелер мектебинин чыңдоо максатында чоң энелерибиздин да ролу зор. Чоң эне - бул  камкор,боорукер, бала,небере үчүн чексиз сүйүүсү бар,дайыма жайыл дасторкондуу энелерибизди элестетебиз. Үй- бүлөнүн ынтымагын бекемдеген таалим - тарбия,улуттук каада - салтты,баалуулуктарды неберелерине үйрөткөн биздин даанышман чоң энелерибиз
Ааламдын тынчтыгын  камкордугуна алган , чоң энелерибиз , жашообуздун башаты экендигин эч ким тана  албайт.  Таймашта чоң энелерибиз өздөрүн тааныштырып, улуттук каада - салтты ,улуттук оюндарды,тамак аштарды  презентациялашты . Бата берүү салтын көрсөтүшүп,уул - кыздарыбызга ак батасын беришти. Таймаштын соңунда чоң эне менен неберенин өнөрү ,кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү.Чоң энелерибиз бардык тапшырмаларды эң жакшы аткарышты.Улуттун келечеги энелердин колунда.
  • 3 Кароолор