Китеп -билим булагы

Китеп -билим булагы

Токтогул атындагы № 1 жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими Чыналиева Эльнура 5-“А” класстын окуучуларына “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” деген китепти окуп чыгуу конкурсун жарыялаган. Конкурстун негизги максаты, окуучуларды китеп окууга чакыруу, патриоттук сезимдерин ойготуу, өлкөнүн тарыхый өнүгүүсү, маанилүү окуялар, Финландиянын экономикасынын калыптанышы жана өнүгүү баскычтары тууралуу түшүнүктөргө ээ болуу, элдин маданияты, салттары жана баалуулуктары кантип өнүккөнү тууралуу маалыматтар, тарыхый окуяларды салыштырып, себеп-натыйжа байланышын талдоо жөндөмүн өркүндөтөт. Бул билимдер окуучунун дүйнө таанымын кеңейтип, өлкөнүн өнүгүү жолун тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.
Йохан Вилхелм Снеллман (1806–1881) — Финляндиянын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, философ жана журналист болгон. Ал Финляндиянын улуттук аң-сезимин ойготууда жана фин тилинин расмий статусун бекемдөөдө чоң роль ойногон.
Снелман Финляндиянын маданий жана саясий тарыхында терең из калтырган, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө жол ачкан негизги инсандардын бири болуп саналат. Окуучулар китеп окугандан кийин “Ушул китепти башка окуучулар дагы окуп, патриоттук сезимдер ойгонуп, биз дагы элибизге кызмат кылган инсандардын катарын толуктайбыз!” деген ойлорун айтып беришти. Китеп окуган окуучулар бири бири менен ойлорун толукташып, диспут өткөрүп, жыйынтыгында мугалими тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты
  • 1 Кароолор