"Мугалим" илимий-педагогикалык журналы

"Мугалим" илимий-педагогикалык журналы

28.03.2025-ж "Мугалим" илимий-педагогикалык журналынын 11 жылдыгына карата өткөрүлгөн "Мыкты класс жетекчи-2025" республикалык онлайн кароо-сынагынын жыйынтыктоочу аземи болуп өттү. Конкурстун негизги максаты мугалимдердин билимин, педагогикалык чеберчилигин, кесипкөйлүгүн жогорулатуу, класс жетекчилердин тажрыйбасын жайылтуу болду. Бул конкурска республикадан 179 мугалим ат салышты. Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинен Базарбаева Зайнап, Кудайбердиева Самара, Үтүрова Мээрим, Токтосунова Жайнагүл, Мамышова Айжан, Үсөнова Тумаргүл эжекелер активдүү катышып, ардак грамоталарга жана тастыктамаларга ээ болушту. Ал эми Кудайбердиева Самарага "Билимдүү мугалим", Үсөнова Тумаргүлгө "Илимий сабак" деген номинациялар ыйгарылды. Сыйлоо аземи жогорку деңгээлде өткөрүлдү. "Мугалим"илимий-педагогикалык журналынын редактору Р. Т Сулаймановага жана жалпы уюштуруу тобуна ыраазычылык билдиребиз.

  • 1 Кароолор