Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых сабагынын мугалимдери Сатаңова А. Мамышова А. Батыркулова Ж. Исмаилова Д. Тагаева Ф 02.04.25 күнү 11-а,10-б,5-а класстарына "Бир оор жолдун үч ашуусу" деген темада класстан тышкаркы иш чара өтүштү. Бул сабакта окуучулар 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуялары, 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция, 20010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революция кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолунда Кыргыз Республикасынын соңку жаңы тарыхындагы эң зор үч ашуу экендиги жөнүндө маалымат алышты. Элдик революциянын чыгышынын себептери: Электр жарыгынын кымбатташы, байланыш операторлорунан кошумча төлөмдүн алынышы, Акаевдин бийлигин, Бакиевдин бийлигин кулатуу негизги себептерин билишти. Окуучулар XX к. алгачкы он жылдыгындагы демократиялык жолго багытталган Кыргызстандагы болуп өткөн окуяларды анализдешти, салыштырышты жана талкуулоо менен өз баалоолорун беришти. Кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк, мамлекеттик кызыкчылыкты өз кызыкчылыгынан өйдө коюу инсандык сапат.
- 1 Кароолор