Токтогул атындагы ЖОББМнын 7-б классына класс жетекчиси Бегимбү Карагулова сергек жашоо образы боюнча "Бруцеллёз оорусун алдын-алуу"деген темада класстык саат өттү.
Балдардын эсинде эмне калды?Кир колдор аркылуу кайсы оорулар жугат,бруцеллёз оорусу кандай,алгачкы белгилери,оору козгоочу микробдор биздин организмибизге кантип кирет,колду жуунун маанилери, бруцеллёздун жайылышын азайтуу үчүн кандай чараларды көрүү керек экендиги боюнча суроо-жооп иретинде баарлашуу.
Тапшырмабыз: Алган маалыматтарды үй-бүлө мүчөлөрү менен бөлүшүү.
Оорудан оолак болуп, жашоонун сергек мүнөзүн күтөлү,келечек ээлери!
- 1 Кароолор