4.04. 2025- жыл Социалдык усулдук бирикменин бир айлыгынын алкагында тарых сабагынан тарых мугалими Тагаева Фаризат 9 "А"классында Кыргызстан "өнүккөн" сталинизм жылдарында ( 1945-1953-жж) деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабакка социалдык усулдук бирикменин башчысы Ж. Батыркулова, тарых мугалими А. Мамышова катышты. Сабак 5 Е структурасы менен өтүлдү. "Мен түшүндүм, башкаларга да түшүнүктүү жеткире алам" деген принципте топторго бөлүнүп изилдөө менен окуучулардын тема боюнча презентациясы тиешелүү тарыхый маалыматтарды өздөштүрүүгө өбөлгө түздү. Сабак өз максатына жетти. Айрым окуучулар тарыхый кырдаал боюнча сүрөт тартып, кайра тартылган сүрөттү чечмелеп беришти. Мугалимдин багыт берүүсү менен окуучунун изденип үйрөнүү аракети, тарыхый кырдаалга баа бере алуусуна, сынчыл ой жүгүртүүсүнө өбөлгө түзүлдү.
- 1 Кароолор