7-апрель -Элдик революция күнү !

7-апрель -Элдик революция күнү !

Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин 8-а классынын класс жетекчиси Ташбаева Мунара Дүйшөналиевна “7-апрель Элдик Апрель революциясынын “ 15 жылдыгына карата класстык саат өтүп, окуучуларга 2002-жылы 17-март Аксы окуялары, 2005-жылы 24-март Элдик революция, 2010-жылы 7-апрелдеги Элдик революция кыргыз элинин эркиндик, демократия, адилеттүүлүк үчүн күрөш жолунда Кыргыз Республикасынын соңку жаңы тарыхындагы эң зор үч ашуу экендиги тууралуу маалымат берилди. Окуучулар ХХ кылымдын алгачкы он жылдыгындагы демократиялык жолго багытталган Кыргызстандагы болуп өткөн окуяларды анализдеп, салыштырып, кызуу талкуу жүрдү. Ар бир кыргыз жараны кыргыз элинин эркиндик, демократия, адилеттүүлүк, мамлекеттик кызыкчылыкты өз кызыкчылыгынан жогору коюш керектигин окуучулар билишти.

  • 1 Кароолор