Токтогул атындагы №1 мектеп - гимназиясынын кыздар кеңешинин төрайымы Ташбаева Мунара 9-10-11классынын кыздарына "Кыз адеби-кымбат"деген темада семинар уюштурду.
Семинардын максаты кыздардын азыркы учурда өзүн алып жүрүүсү ,келечекке максат коюусу жана илгертеден келе жаткан кыз балага тиешелүү болгон адеп- ахлакты, адептүүлүктү, тазалыкты,тыкандыкты үйрөтүү,туура тарбия берүү.Семинарды тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тагаева Р.А. кыздардын жүрүм - турум эрежелери, сабак мезгилинде окуучулардын өзүн алып жүрүүсү, алардын коопсуздугу жана жүрүш-туруштарына токтолду. Кыздар кеңешинин мүчөсү Манапбаева Акылай кыздарга " Кыз адеби" деген темада доклад жасап,слайд аркылуу кыздарга туура тарбия берүүдөгү элдик тыюуларга токтолуп өттү. Семинардын экинчи бөлүгүндө кыздар үчүн атайы уюшулган чач өрүмгө орун жетип,ар бир класстан бирден кыз чыгып,ар түрдүү чач өрүмдөрдү презентациялашты.
Тал - талдап өргөн чачыңар,
Таалайлуу кыздар багыңар.
Таңдагы булбул өңдөнүп,
Таңшып турган чагыңар.
Арийне,узун чач кыздарга көрк берген.Эне кызынын чачын ыракат алып өргөн, чачты өстүрүү жана аны өрүү өзүнчө өнөр жана сарамжал. Дайыма эртең менен чачты суулап, бош таштап ,кынаптай өрүү эмне деген сулуулук. Чачты мыкты асыроодон олтоң чач пайда болот.
Ар бир чач өрүм кыздардын сулуулугун даңазалап, элибизде тээ илгертен бери кыздын чачын өрүп келгендигин,аны менен бирге кыздардын аруу тазалыгын чагылдырды. Чач өрүү да өзүнчө өнөрдү талап кылат. Өнөрлүү кыздар конкурстун аягында ар түрдүү номинацияга ээ болушту.9-"В"-классыгын окуучусу
Орозбекова Асел "Заманбап чач өрүмү",
Төлөмырзаева Астра 10-"Б"-классынын окуучусу "Мыкты чач өрүмү",
Тажибаева Зарина 10-"В"-классынын окуучусу "Ыңгайлуу чач өрүмү",
Айтмурзаева Мираида 9-"Б"-классынын окуучусу "Эң кооз чач өрүмү"
,Орозбекова Алиса 11-"Б"-классынын окуучусу "Ийкемдүү чач өрүмү",
Молдоканова Назбийке 9-"А"-классынын окуучусу "Көркөмдүү чач өрүмү"деген номинацияларга ээ болушту.
- 3 Кароолор