STEM

STEM

УСТАТ МУГАЛИМДИН STEM САБАГЫ
Мирская Людмила Владимировна - мыкты устат мугалим катары башталгыч класска STEM технологиясын колдонуп кызыктуу сабак өтүп берди.
Бүгүн 2025- жылдын 8- апрель күнү Токтогул атындагы/1 ЖОББМ де башталгыч класстардын мугалими Л.В.Мирская " Адамдын органдар системасынын шайкеш иштеши" деген темада 4Д -класска (орус тилдүү класс)"5Е моделинде" STEM сабак өтүп берди.
Сабакта балдар топтордо иштөө менен органдар системасынын түзүлүшү тууралуу маалыматтарды беришти, мугалим модератор болду.
Сабактын практикалык бөлүгүндө балдар изилдөө иштерин жүргүзүштү. Ар бир топ өз ишин STEM изилдөө долбоору катары жүргүзүп, жыйынтыгын презентациялап, түшүндүрүп беришти. Окуучулар органдар системасынын моделдерин жасап, мисалы дем алуу жолдорун -өпкөнүн, кан айлануу системасынын,
тамак сиңирүү жолдорун ж.б. даярдашты. Топтор менен иштөө активдүү болуп, балдар кызыгуу менен иштешти.
Сабактын аягында окуучулар органдар системасы белгилүү бир функцияны аткаруу менен өз ара тыгыз байланышта иштээрин- организм бир бүтүн система экендигин түшүнүштү.
  • 1 Кароолор