Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаары №1 Токтогул атындагы ЖОББМ мугалими Сатаңова Азимкан Адилбаевна Кыргызстан тарыхы сабагынан 8-"В"классына , 5E модели менен XIX к. 60-жж.Түштүк кыргыздардын коомдук-саясий абалы деген темада сабак өттү.Сабактын максаты: Окуучуларга Кыргызстандын XIX к. 50-жж. аягы 60-жж. башында ордодогу ич ара чыр-чатактардын ырбашынын натыйжасында Кокон хандыгынын саясий абалын, хандыктын саясий турмушуна кыргыз билермандары жигердүүлүк менен аралашып турганын, Орусия аскерлеринин Түштүк Кыргызстанды көздөй жылышы жөнүндө түшүнүк берүү
Окуучулардын изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүү, маалыматты талдоо жана жыйынтык чыгаруу көндүмдөрүн өркүндөтүү.
Мамлекеттин,элдин тычтыгын, кызыкчылыгын жана биримдигин сактоого багыт берип,тарбиялоо. Сабактын жүрүшүндө окуучулар 4 топко бөлүнүп, ар бир топко бир тема берилди. Ар бир топ өзүнүн темасы боюнча презентация жасашты. Алымбек датка менен Алымкул аталыктын хан ордосундагы саясий ордун,инсандык портреттин ачып беришти.
- 1 Кароолор