Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Кадырова А.С 10-“А” классына Сергек жашоо образынан “Мен- концепциясынын калыптанышы” деген темада ачык тарбиялык саат өттү.
Сабакта «Мен- концепциясын» жөнгө салуу, адамдын өзүн-өзү
өстүрүүсүнүн зарыл шарттарын калыптандыруу.
Өзүн ишенимдүү, жетилген инсан катары таанып билүү тууралуу маек курдук жана өзүбүздүн “МЕНибиздин” тереңине саякатка чыктык.
Адамзаттын мени көптөгөн мендерден турат. Биздин «Мен» эн чоң табышмактардын бири. Кээде бул - "МЕН" жүйөлүү
ойлорго ээ, кээде - андан таарынычтар чыгат, кээде - жеке
өзүн гана сүйүү пайда болот, кээде - жаркыраган, чыгармачыл, фантазияга бай добуш чыгарат. Кээде - бул кенебестиктин жана акылсыздыктын көрүнүшү болсо, кээде биз өз эркибизге каршы аракеттерге барабыз. Өздүк "Мендин" мындай
көп түрдүүлүгүн кандай түшүнсө болот? Мен киммин? Мага өзүм жагат, анткени мен… . Менин артыкчылыктарым жана кемчиликтерим… Мен өзүмдү сүйөм, анткени… . Дал бүгүн мен… деген суроолордун үстүндө талкуу кылып, өздөрү жөнүндө окуучулар кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүштү.
Табиятта абсолюттук түрдө окшош болгон эч нерсе жок.
Ушундай эле мүнөздөмөнү адамдарга карата берсе да болот.
Ар бир адам кайталангыс жана уникалдуу. Силер өзүңөр
жөнүндө айтканга укуктуусунар: «Мен өзүм "менмин"!» -деп сабагыбызды позитивдүү жыйынтыктап алдык.
- 1 Кароолор