Сегодня в СОШ №1 им. Токтогула,
Достук ар бир адамдын жашоосунда болот, бирок "достук деген эмне", качан адамда чыныгы достору болгондо, адам өзүн болуп көрбөгөндөй бактылуу сезет. Тилекке каршы, достук маскасын кийип алып, башка мамилелер да болот, мунун натыйжасында адам терең кайгыга батат. Достук кандай болоорун түшүнүү, өзүбүз жакшы дос болуп, жакшы досторду күтүүгө, достукту бекем сактоого жардам берет.
Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Ташбаева Мунара жана Жумаканова Улара “Бинардык” метод менен 8-“Г” классына Сергек жашоо образынан “ Достук байлыктан кымбат” деген темада ачык тарбиялык саат өтүштү.
Достук – адамдардын бири-бирине болгон адал, бир мүдөөдөгү, орток көз караштагы касиети. Достук өз ара жоопкерчилик менен камкордуктун, руханий жакындыктын белгиси. Чыныгы достук кишиге чабыт берип, өмүрдө кездеше турган түрлүү азаптарга моюн бербөөгө, башка түшкөн кыйынчылыкты бирге көтөрүүгө жардамдашат. Достордун мүнөздөрү ар түрдүү болушу мүмкүн. Бири кызуу кандуу, чапчаң келсе, экинчисинен тетирисинче, уяңдык, жигерсиздик, туюктук байкалса да, бул достукка эч кедергисин тийгизе албайт.
Окуучулар ар бир айтылган ойду кабыл алышып, мындан ары достукту бекем тутуп, байлыктан достук биринчи турарын түшүнүштү. Ар кандай “ Жылдыз”, “Ромашка”, “Түстүү алакандар” көнүгүүлөрүн аткарышып, сабакка активдүү катышышты.
- 1 Кароолор