вкладвбудущее

вкладвбудущее

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 11-а, б класстарынын класс жетекчилери Исмаилова Дамира, Кудайбердиева Самара бинардык ыкма менен сергек жашоо образынан "Толеранттуу мамилелер" деген темада ачык тарбиялык сабак өтүштү. Видео сабак аркылуу толеранттуулук жөнүндө түшүнүк алышып, топторго бөлүнүшүп суроолорго талкуу жүргүзүштү. Толеранттуулук - башка пикирлерге, салттарга, көз караштарга, ишенимдерге түшүнүү, сыйлоо, урматтоо жана сабыр менен мамиле кылуу. Толеранттуулукка жол билим менен тарбиядан башталат. Адамдын дүйнө таанымы канчалык кең болсо, ошончолук ал билгиси келип, көргүсү келип, аралашып, жаңы нерсеге да, чоочун нерсеге да ачык болот. Окуучулар видео сабактарда сунушталган кырдаалдарды талкуулап; а) эмне үчүн толеранттуу болуу керек;
б) толеранттуу адамдар толеранттуу эмес адамдардан эмнеси менен айырмаланат;
в) кантип толеранттуу болууга тарбиялоо керек деген суроолорго жооп беришип, сабакты бабалардын накыл сөздөрү менен жыйынтыкташты.
1. Сабыр кылсаң - алтын аяктан суу ичесиң.
2. Адамдагы эң сонун нерсе - башкаларга туура мамиле кылуу.
3. Сабырдын түбү сары алтын.
4. Сабырдуу болсоң - озорсуң, сабырсыз болсоң - осолсуң.
5. Жердей оор, тоодой бекем бол!
  • 1 Кароолор