23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү

Токтогул атындагы
N1 жалпы орто билим берүү мектебинде 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата иш -чаралар белгиленип, мугалимдер, окуучулар активдүү катышып жатышат. Мисалга алсак, 14-апрель күнү китептердин абалын сактоо боюнча "Китепти сакта" шаардык кароосуна катышышты. Электрондук, көркөм китептерди окуу жана окуган китептери боюнча окуганын түшүнүүгө карата акыл таймаштар класстар арасында өткөрүлүп жатат .Бул таймаштарды башталгыч класстардын мугалими Нуралиева Назгуль уюштуруп, алып барып жатат. Бүгүн 15-апрелде 4-класстар арасында таймаш болуп, окуган китептеринен түзүлгөн суроолорго кызыгуу менен жооп беришти.
4-б класс 1-орун,
4-в класс 2-орун, 4-а класс 3-орун, 4-г класс 4 -орун алышты. Мындай иш-чаралар апрель ай ичи өткөрүлмөкчү.
  • 1 Кароолор