Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин англис тили мугалими Куйпиева Меис
“Сергек жашоо образы” боюнча “Кантип максат коюп жана ийгиликке жетүү керек? “ деген темада шаардык семинар өтүп, ал семинарды бинардык ыкма менен мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу Ташбаева Мунара менен биргеликте класс жетекчилер үчүн кызыктуу маалыматтарды бере алышты. Семинарды жагымдуу жагдай менен баштап, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги тарабынан жалпы билим берүүчү мектептеринде сергек жашоо образы боюнча “6-11-класстагы окуучулардын ден-соолугун чыңдоо максатында класстык сааттарды өтүү тууралуу буйругун тааныштырып, маалымат беришип, “ Кантип максат коюп жана ийгиликке жетүүгө болот? “ деген теманын үстүндө талкуу болду. Катышуучулар менен биргеликте маанай көтөрүлгөн көнүгүүлөр аткарылып, буга чейинки өтүлгөн класстык сааттардан класс жетекчилер маалымат беришип, сергек жашоо образынын макети түзүлдү. Күйпиева Мейиз Райымкуловна “Жашоо айлампасы” көнүгүүсүн кантип аткаруу жана анын бөлүктөрүнө туура максат коюу жөнүндө практикалык түрдө иштетип, жашоо айлампасында максат коюу эң маанилүү экенин айтып ,келген коноктор кызыгуу менен өзүлөрүнүн жашоо айлампасын толтуруп, өз ойлору менен бөлүшүштү. Жашоонун балансын сактоо үчүн ар бир тармакка көңүл буруу керектигин билишип, максат коюуну үйрөнүштү. Аларга жетүүдө чечкиндүүлүк жана мотивация да маанилүү экендигин баса белгилешип, видео сабактан үзүндү көрсөтүлүп, ийгиликке жетүү үчүн жумалык план түзүү жана аны аткаруу алгачкы планда экенин түшүнүштү. Улуу инсандардын максат жана ийгилик жөнүндө айтылган учкул сөздөрүн кызуу талкуулашты жана максатты туура , так коюп , ийгиликке жетүүнүн жолдорун айтышты. Семинардын аягында катышуучулар жагымдуу каалоо-тилектерин билдиришти. Ошондой эле семинарга жашоонун сергек мүнөзү боюнча улуттук тренер Рано Алымбековна Кутанова ,В.В. Савочкина онлайн катышып, семинардын катышуучуларына 6- 11 - класстарда сергек жашоо образы боюнча класстык сааттарды өтүү үчүн видео сабактарды колдонуу менен сабактарды уюштуруу айтылды. Онлайн семинарга катышкан эксперттер онлайн форматта окуучулар менен аңгемелешип, эл аралык деңгээлдеги уюштурулуп жаткан практик мугалимдердин семинары экендигин баса белгиледи. Семинарды Кара-Көл ШБББнын метод кабинетинин башчысы Тилек Касымалиевна семинардын жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, башка мектептерден келген ар бир класс жетекчинин көңүл бөлүүсүн сунуштады. Семинарды уюштурган мектеп администрациясына жана класс жетекчилерге, уюштурган мугалимдерге ыраазычылык айтылып, семинар аяктады.
- 1 Кароолор