Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 3-класстар арасында интеллектуалдык акыл таймаш өткөрүлдү. Окуучулардын өз алдынча китеп окуу жөндөмүн өркүндөтүү максатын көздөгөн бул таймашта "Көгүчкөн", "Куркулдайдын уясы", "Сасык үпүп" деген темадагы чыгармалардын негизинде суроолор түзүлүп берилди. Таймаштын жүрүшүндө окуучулар активдүү катышып, жакшы даярдык көрүшкөнүн көрсөтө алышты. Жыйынтыгында
3-а классы 1800
3-б классы 2200
3-в классы 2000
деген упайларга ээ болушту. Акыл таймаштын түзүүчүсү жана жетектөөчүсү Нуралиева Назгүл эжекеге терең ыраазычылык билдиребиз.
- 1 Кароолор