Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргузүү

Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргузүү

11.04.2025 Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалимдер жамаатына жана 8-11-класстарына Кара-Көл ШИИБдин башчысынын орун басары милициянын майору Насипов О.А, ЭММКАКнын милициянын улук лейтенанты Райымкулов Р.Р, КККнын улук МАЫӨнүн милициянын капитаны Кани у Алмаз, КККнын МАЫӨнүн милициянын капитаны Кыдыров А.А, КККнын ЖЖЭИнин аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты Бакирова А. кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында келип чогулуш жасашты. Окуучуларга түндө көчөдө бейтартип жүрбөө, бири-бирине ыдык көрсөтпөө, ууру кылбоо, зордук-зомбулук жасабоо керектигин айтып, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн административдик укук бузуулары жана алар үчүн каралган жазалар тууралуу эскертишти. Балдарга карата жасалган кылмыштуулук жакшы жакка алып барбастыгын айтып, азыркы кезден тетең билим алуу зарылдыгын белгилешти.

  • 1 Кароолор